Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери өз ара кызматташуунун абалын талкуулашты

15 ноябрь 2019 21:20 1180 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 15-ноябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери жолугушту. Ага министр Чыңгыз Айдарбеков катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Министрлер Орто Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүүнү даярдоо маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары регионалдык кызматташуунун күн тартиби, актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Айдарбеков ар тараптуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, региондо коопсуздукту камсыз кылууга жана учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди мындан ары консолидациялоого багытталган кызматташууну активдештирүү маанилүү экенин билдирди.

Ошондой эле кыргыз тарап экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи, жана бул контекстте, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагында жайгашкан уран калдык сактагычтарга жана мөңгүлөрдүн эрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө региондун бардык өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин натыйжалуу координациялоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/borbor-aziya-lklrnn-tyshky-ishter-ministrleri-z-ara-kyzmattashuunun-abalyn-talkuulashty



Добавить комментарий