Чынгыз Айдарбеков: Акыркы добуш берүү Вашингтондогу элчиликтин участогунда жыйынтыкталат

4 октябрь 2020 10:39 1089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат. Дипломатиялык миссия тарабынан чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык дипломатиялык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча чаралар каралды”, - деп билдирди КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

Анын айтымында, 2015-жылы чет өлкөлөрдө 15 312 КР жараны жана 2017-жылы 18 580 КР жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

Быйыл биринчи добуш берүү шайлоо участогу Россиянын Түштүк Сохалин шаарында ачылган. Азыркы учурда 20 участокто шайлоо окуругу иштеп жатат. Акыркы добуш берүү  Вашингтонтогу элчиликтин участогунда жыйынтыкталат.

“Бишкектеги эртең мененки саат 9:00гө карата чет өлкөдөгү шайлоочулардын катышуусу 535 адамды түздү.  Биз жарандардын шайлоого толук  катышуусун күтөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/chyngyz-ajdarbekov-akyrky-dobush-ber-vashingtontogu-elchiliktin-uchastogunda-zhyjyntyktalat



Добавить комментарий