Чыңгыз Айдарбеков Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды

23 октябрь 2020 09:33 693 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кадрдык курамды жашартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө, ар кыл тармактарда системдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajdarbekov-prezidenttin-keeshchisi-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий