Бөйрөктө таштын же туздун бар экенин кантип билсе болот?
Бөйрөктө таштын пайда болушу зат алмашуунун бузулушунан улам келип чыгат. Зат алмашуунун реакциясына карата бул органда ар кандай туздар: урат, фосфат, оксалат жана башка заттар топтолот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Бөйрөктө таштын пайда болушу кеңири тараган оорулардын бири жана ал жыл санап өсүп жатат. Ошондуктан аны алдына ала билип дарылаш үчүн төмөнкү белгилерге көз жүгүртүңүз.
1-белги. Ичте, аркада жана капталда пайда болгон оору
Бул оору көп учурда таш жылганда күтүүсүздөн башталат жана таштын жылуусу менен оорунун күчү өзгөрүшү ыктымал.
2-белги. Заара чыгарган учурда ачышуу же ооруксунуу
Таш жылып табарсыкка келип калган учурда заара чыгарган маалда оору пайда болот. Кээде мындай ооруну заара бөлүп чыгаруучу органдардагы инфекция катары кабыл алышат.
3-белги. Тез-тезден заара ушатуу
Бул белгини да байкай жүргөнүңүз оң.
4-белги. Заарада кандын пайда болушу
Мындай учур бөйрөктө ташы бар адамдарда эң эле көп кездеше турган көрүнүш. Кандын өңү күрөң, кызыл жана кызыгылт болушу ыктымал.
5-белги. Жүрөк айлануу жана кускусу келүү
Бул бөйрөктө ташы бар адамдарда эң эле кеңири таралган белги. Анткени нервдик байланыштар бөйрөк жана ашказан-ичеги жолдору менен бир болуп саналат.
6-белги. Чыйрыгуу жана үшүй берүү
Бул сиздин заара бөлүп чыгаруу жолдорунда инфекция бар экенин көрсөтүүчү белги. Инфекциядан улам пайда болгон чыйрыгуу учурунда температура 37, 8 ° градустан жогору болот.
Ушул белгилердин бирөө эле байкалса тез арада дарыгерге кайрылыңыз. Ден соолукта болуңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/bjrkt-tashtyn-zhe-tuzdun-bar-ekenin-kantip-bilse-bolot
Добавить комментарий ×