"Биздин үй-бүлө силерге оюнчукбу?". Нурлан Насип жалган маалымат тараткандарга чара көрөт
Белгилүү ырчы Нурлан Насип жалган маалымат таркатып, үй-бүлөсүнө бүлүк салгысы келгендерге чара көрөрүн айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, YouTube каналына “Асель Кадырбекова: Кайнатам үйдөн кууп чыкты” деген тема менен көрүүчүлөрдү топтош үчүн жалган маалымат жазгандарга ырчы жигит ачуусу келген.
“Буга чейин интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем!
Мындан кийин карап туралбайм! Такталбаган маалыматтарды чыгарып, биздин моралдык укугубузду тебелегени үчүн, жакшылыкча өчүрүп бизден кечирим сурабаса сотко берем, жооп бересиңер!
Ютубка эптеп көрүүчү чогултуш үчүн ар кайсыны жазып, биздин атыбыздан акча таппай элего койгулачы сураныч! Биздин үй бүлөөбүз силерге оюнчукбу?”, - деп жазды Нурлан Насип.
Добавить комментарий ×