Балдардын дене табын түшүрүүдө кеңири колдонуп жүргөн дарынын кооптулугу жөнүндө билчү белеңиз?

31 март 2021 17:38 847 Barometr
Бөлүшүү:
ok

12 жашка чейинки балдардын дене табын түшүрүү үчүн аспирин бербөө керек. Бул тууралуу орусиялык дарыгер Александр Мясниковдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр” билдирет.

Дарыгердин айтымында, бул дары Рей синдрому деп аталган олуттуу татаалдаштырууну - боордун курч жетишсиздигин жана энцефалопатияны пайда кылышы мүмкүн. Анын кесепетинен жаш балдар өлүмгө дуушар болуп калышы мүмкүн.

Ошондуктан, адистердин көрсөтмөсү боюнча, балдарга аспиринди ооруну басаңдатуу үчүн же дене табын түшүрүүчү каражат катары берүүгө тыюу салынат.

Андыктан, балдардын дене табы көтөрүлгөндө эң оптималдуу дары катары парацетамолду колдонсо болот.

Ссылка: https://barometr.kg/biz-baldardyn-dene-tabyn-tshrd-keiri-koldonup-zhrgn-darynyn-kooptulugu-zhnnd-bilch-beleiz



Добавить комментарий