Бишкектин жаңы конуштарында 2 793 үй мыйзамсыз деп бузулушу мүмкүн
Жаңы конуштардагы үйлөрдүн жарымынан көбүн мыйзамдаштырса болот. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде курулушчулардын штабынын жыйынында Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдиргенин жергиликтүү маалымат булагы кабарлады.
Шаар башчысы муниципалитет 6 миңден ашык үйлөргө инвентаризация жүргүзүп, мыйзамсыз үйлөрдү мыйзамдаштырууга болот деген жыйынтыкка келишкенин айтты.
“Штабдын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен 3,5ден ашык үйдү мыйзамдаштырса болору такталды. Эң аз дегенде аны мыйзамдаштыруу жолдорун тапса болот. Калган 2 793 үйдү алуу керек. Алардын тургундарын башка жакка жайгаштыруу зарыл. Бул үйлөрдүн биринде дагы укук берүүчү документтер жок, анткени мыйзамсыз басылып алынган жерлерге салынган”,-деп айтты мэр.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-zhay-konushtarynda-2-793-j-myjzamsyz-dep-buzulushu-mmkn
Добавить комментарий ×