Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу эмнеге кармалганы айтылды

26 июль 2021 11:07 952 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу бир аз мурда Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын бухгалтеринин камакка алынышына жана анын берген көрсөтмөсүнө байланыштуу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Жер ресурстары башкармалыгынын бухгалтери 6000 доллар суммасындагы пара алып жатканда кармалган. Атайын кызматтын версиясына ылайык, Бишкектеги кафенин ээси Түгөлбай Ата көчөсүндөгү реконструкциянын долбоорун өзгөртүш үчүн 9000 доллар пара бермек болгон. Кафе оңдолуп жаткан жолдун боюнча жайгашкан.

Кармалган аял Бишкектин вице-мэринин аталган кылмышка тиешеси бар деп көрсөтмө берген. Буга байланыштуу Азамат Сагындык уулу 24-июлда кармалып, УКМКнын убактылуу жайына камалды.

Тергөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-vice-meri-azamat-sagyndyk-uulu-emnege-karmalgany-ajtyldy



Добавить комментарий