Бишкектин тургуну 100 миң долларын кумар оюнуна уттурган

4 апрель 2019 12:00 1451 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте оюн мекемелеринин ишмердиги текшерилип  натыйжада ири суммадагы акча  алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин тергөө башкармалыгы жана криминалдык милиция кызматы тарабынан атайын опеарция жүргүзүлгөн маалда мыйзамсыз кумар оюну ойнотула турган казинолорду уюштуруу фактысынын бети ачылды. Буга чейин Бишкектин тургуну шаардын аймагындагы жашыруун оюн жайларын текшерүүнү өтүнүп кайрылган. Анын уулу 100 миң долларга жакын акчаны уттуруп жиберип карызга батканын айткан.

Анын негизинде ИИМдин кызматкерлери тарабынан шаардын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан Ringo Trade жайларынын ишмердиги текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелеринде стакаларды накталай коюшуп, ар бир казинодо “VIP” бөлмөлөр  жайгашып,  жашыруун бөлмөлөрдө ишенимдүү кардарларын тейлеп келишкен. Бинардык опцион атына жамынып алганы менен иш жүзүндө кумар оюндары өткөрүлүп келген.

Атайын операциялар отрядынын бөлүмдөрүнүн күжүрмөн-жоокерлерин тартуу менен Чүй проспектисинде, Жибек-Жолу проспектисинде, Байтик-Баатыр көчөсүндө, Ибраимов көчөсүндө, Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан кумар оюндарынын мекемелери текшерүүгө алынган.

 “Беш кумарканадан 582 миң сомдон ашык каражат жана документтер алынды. Учурда иликтөө иштери башталды”,-деп кабарлашты ИИМден.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-turgunu-100-mi-dollaryn-kumar-oyununa-utturgan



Добавить комментарий