Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов абактан бошотулду

6 октябрь 2020 15:07 624 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов абактан бошотулду. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн саат 12.00 чамасында аны Москва районунун Петровка айылында жайгашкан No8 түзөтүү колониясынан алып кетишкен. Учурда экс-мэр Бишкекти көздөй бет алды.

Белгилей кетсек, Ак үй менен УКМК басып алынгандан кийин, митингчилер Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди бошотушкан. Анын тарапташтары - Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаев да тергөө изоляторунан жана абактан чыгып кетишти.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече эпизоддор бир кылмыш ишине бириктирилген: Кытай грантынын эсебинен каржыланган "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушу, "Солнечный Берег" пансионатын жана "Дастан" компаниясынын атайын продукциясын сатуу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча коррупциялык иштерге шектелип камакка алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-murunku-meri-albek-ibraimov-abaktan-boshotuldu



Добавить комментарий