Бишкектеги №28 мектепте гидропоника кабинети ачылды

7 февраль 2020 12:53 829 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинде Кыргызстанда биринчилерден болуп гидропоника кабинети ачылды.

Эми окуучулар сабакта алган теориялык билимдерин иш жүзүндө жүзөгө ашыра алат. Албетте, бул тажрыйба окуучулардын жогорку окуу жайларга өтүүсүнө дагы жардамын берет.

“Учурда мектеп жашыл чөп-чарга болгон өз муктаждыктарын ушул жакта өстүрүүнү пландап жатат. Быйыл мектептин жанындагы аянтты жашылча өстүрүүгө ылайыктоо каралган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган мектепке салынган гидропоника кабинети United business group компаниясынын көмөгү менен ишке ашкан. №28 мектеп-лицей Кыргызстандын окуучуларын жашылча өстүрүүгө окутуу боюнча ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.

Гидропоника — бул өсүмдүктөрдү топуракка эмес, атайын минералдар менен байытылган сууда өстүрүү методу. Анда атайын калыптарга суу куюлуп, аларды вертикалдык түрдө жайгаштыруу болот. Өз кезегинде мындай ыкма жер аянтын үнөмдөөгө жана сапаттуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жардам берет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-mektepteri-zamanbap-laboratoriyalarga-ee-boluuda



Добавить комментарий