Бишкектин Ден Сяопин проспектисине бийиктиги 11 метрлик стелла орнотулду

3 май 2023 17:38 1617 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Ден Сяопин проспектисине бийиктиги 11 метрлик стелла орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Дэн Сяопин проспектиси менен Барпы Алыкулов көчөсүнүн кесилишине стелла орнотулду.

Стеланын бийиктиги 11 метрди түзөт. Ага ак илбирстин скульптурасы, «Бишкек» деген жазуулары орнотулуп, ошондой эле аймагы көрктөндүрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-den-syaopin-prospektisine-bijiktigi-11-metrlik-stella-ornotuldu



Добавить комментарий