Бишкектин айрым райондорунда 3 күн көгүлтүр от өчүрүлөт

20 ноябрь 2018 10:40 764 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 20-ноябрдан 23-ноябрга чейин борбор шаардын кээ бир аймактарында көгүлтүр от өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, төмөндөгү райондордо:

19унан 23-ноябрга чейин-ЧЧК , Тоголок Молдо, Щербаков жана Орозбеков көчөлөрү менен чектелген аймакта;

20сынан 23-ноябрга чейин-“Щербаков”, “Салам Алик”, “Көлмө” конуштарында; Малышев, Куренкеев, Вторые черепки көчөлөрүнүн чектелишинде, Беломор чолок көчөсүндө, ЧЧК, М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек;  №46 орто мектебинин жана “Геодезия -1” от казанында көгүлтүр от убактылуу өчөт.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ajrym-rajondorunda-3-kn-kgltr-ot-chrlt



Добавить комментарий