Бишкектин 5 мектебине бомба коюулган делип окуучулар эвакуацияланууда
Бөлүшүү:
“Илим" билим берүү борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бүгүн, 20-январда жардыргыч зат тууралуу анонимдүү билдирүү борбор калаанын беш мектебинин электрондук почтасына келген
Учурда милиция кызматкерлери «телефондук терроризмге» шектүүлөрдү издеп жатышат.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.
Добавить комментарий ×