Бишкектен Баткенге кошумча 10 психолог жөнөп кетти

3 май 2021 16:53 2534 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунда бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан барган 40 медик иш алып барышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

"Анын айтымында, окуя башталган биринчи күнү Баткен облусуна 7 медицина кызматкери жөнөп, алардын артынан Бишкек жана Ош шаарларынан министрдин орун басары баш болгон бир нече медиктер кетишкен. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында 40 медик кызмат көрсөтүшүүдө. Бардыгы болуп 81 медицина кызматкери Баткен облусуна барган.

Ошондой эле, Баткен облусунда жабыр тарткан жарандар менен 7 психолог жана психотерапевтер иш алып барып жаткандыгын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кошумчалады. Бүгүн 3-майдан тартып, Бишкектен Баткен облусуна кошумча 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekten-batken-oblusuna-koshumcha-10-psiholog-zhana-psihoterapevt-zhnp-ketti



Добавить комментарий