Бишкектеги "Жаштар" сейил багына муз тебүүчү аянтча уюштурулду
«Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Молодежный» сейил багынын аймагына кышкы сезонго жаңы эс алуучу жай жасашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эми шаардыктар сейил бакта сейилдеп гана тим болбостон, коньки, чана тээп, үй-бүлөлүк эс алууну да өткөрө алышат.
Чанаңызды алып келсеңиз болот же муз аянтчасынын администрациясынан ижарага алсаңыз болот.
Коньки ижарасы 200 сом, чана 100 сом.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-zhashtar-sejil-bagyna-muz-tebch-ayantcha-uyushturuldu
Добавить комментарий ×