Бишкектеги өрткө каршы кызматы 16-кабаттагы өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар

19 февраль 2020 14:24 725 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова өрт өчүрүү кызматы бүгүнкү күнү канчанчы кабаттагы өрттү өчүрө аларына кызыкты.

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңеште “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору” биринчи окууда карашты.

Депутаттын берген суроосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү, майор Бейшекеев жооп берди. Ал өз сөзүндө ар бир райондогу өрт бөлүктөрүндө 9-кабатка чейин жете турган 30 метрлик шатылар бар экенин айтты. Ошондой эле Бишкек шаарында 16-кабатка жете турган 50 метрлик автошаты бар экенин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-rtk-karshy-kyzmaty-16-kabattagy-rtt-chrg-mmknchlg-bar



Добавить комментарий