Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болду

11 август 2018 00:00 1971 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болду деп жазды Кактус Медиа маалымат сайты. Берилген маалыматка караганда жарылуудан олуттуу жабыркагандар болгон жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык бул окуя тууралуу  милицияга саат 11:28де кабар түшкөн.

Учурда үйдү курчоого алып, Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук милициясынын ыкчам иликтөө тобу, эксперттер окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат деп билдиришти. 

Kaktus.media сайтынын  берген маалыматына караганда  орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу аракети болгонун, анын унаасынын астына жардыргыч зат орнотулган дешүүдө. 

Окуя тууралуу толук маалымат бериле элек. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-isanov-kchsndg-kp-kabattuu-jlrdn-birinde-zharyluu-boldu



Добавить комментарий