Бишкектеги беш көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

28 июль 2021 13:34 905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 30-июлда дароо беш көчө ремонт иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда мэриядан кабарлашканын “Барометр” билдирет. 

Капиталдык курулуш башкармалыгынан кабарлашкандай, оңдоо иштери Шабдан баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Миң Булак көчөсүнө чейинки 350 метрлик аралыгында башталат.Айдоочулар Сатыбалдиев көчөсү аркылуу жүрсө болот.

Ошондой эле Турусбеков көчөсүнүн Боталиев жана Ташкент көчөсүнө чейинки 1200 метр аралыгы оңдолот. Айдоочулар Манас жана Махатма Ганди көчөлөрү менен жүрсө болот.

Мындан тышкары Элебаев көчөсүндөгү Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки участок оңдолот. Айдоочулар Ибраимов жана Байтик баатыр көчөлөрү менен жүрүүгө болот.

Ошондой эле Тимур Фрунзе көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аралыгы ремонттолот.

Маликов көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейинки аралыгы оңдолот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-besh-kch-odoo-ishteri-chn-zhabylat



Добавить комментарий