Бишкектеги батирдин ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды

25 декабрь 2018 10:32 1898 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Исанов көчөсүндө жайгашкан батирдин ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, 2018-жылдын 24-декабрь күнү саат 11:15де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Исанов көчөсүндө жайгашкан №2 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1939-ж.т. Л.Л.А.  аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. 

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-batirdin-ichinen-ayal-kishinin-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий