Бишкектеги бассейндер текшерилип, айрымдары жабыла турган болду

15 июнь 2023 17:55 634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаадагы бассейндер текшерилип, айрымдарына эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, биринчи май районунда ири рейд өткөн. 

“Комиссия эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин өткөрүлүп,  11 суу объектиси: «Тартуга» эс алуу борборунун бассейндери, Патрис-Лулумба көч, №86 дарегиндеги «Асема»,  Түштүк-2, Раззаков көч,  №15,  Нарвская көч.,  №62, «Орион», «Шератон», «Парк Отель», «Плаза Отель» мейманканалары, Тюмен көчөсү жана БЧК кесилишиндеги «Сорока», «Блошка» суу сактагычтары текшерилди. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн Түштүк-2 кичирайонундагы «Асема» бассейндерин жабуу маселеси каралат.

Ошону менен бирге, ӨКМ билдиргендей, квалификациясын жогорулатуу максатында суу объектилеринде иштеген 9 кызматкер суучул куткаруучу адистиги боюнча окутулат.

Белгилей кетсек, текшерүүлөр КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелери” токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Урматтуу ата-энелер, балдарды кароосуз калтырбагыла”, -деп жазылат билдирүүдө. 





Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-bassejnder-teksherilip-ajrymdary-zhabyla-turgan-boldu



Добавить комментарий