Бишкектин абасынын булганышы нормативден ашкан жок

10 июль 2020 12:22 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин абасындагы кирдетүүчү заттардын концентрациялары нормативден ашкан жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булгануусунун абалы боюнча 9-июлдан 10-июлга чейинки көрсөтмө.

Маалыматка ылайык, 9-июлда Бишкек шаарынын атмосфералык абанын булгануусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болду:

Көмүртек кычкылы – 3,05 мг/м3 (ЧДКо.с. 3,0 мг/м3)

Азот кычкылы – 6,47 мкг/м3 (ЧДКо.с. 60,0 мкг/м3)

Азот кошкычкылы – 22,62 мкг/м3 (ЧДКо.с. 40,0 мкг/м3)

Күкүрт кошкычкылы – 8,81 мкг/м3 (ЧДКо.с. 50,0 мкг/м3)

РМ2,5 катуу бѳлүкчѳлѳр – 6,5 мкг/м3 (ЧДКо.с. 35,0 мкг/м3)

Кирдетүүчү заттардын концентрациялары бүгүн эртеӊ мененки саат 10:00дө белгиленген нормативдерден ашкан жок.

Эскерте кетсек, өлкөдөгү гидрометеорология иши жөнүндө КРнын Мыйзамына ылайык Кыргызгидромет атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-atmosferanyn-bulganuusu-kandaj-degeelde



Добавить комментарий