Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө 50 орун гана калган
Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө каза тапкан белгилүү адамдардын сөөгүн коюш үчүн болгону 50 орун гана калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияснын жыйынында Бишкек ритуалдык тейлөө агенттигинин башчысы Уланбек Дуйшенов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, өткөн жылы мэрия Бишкек шаардык кеңешине аталган көрүстөндөгү көмүү тартибин бекитүү боюнча жобону алып келген, анткени азыркы учурда бул маселелерди жөнгө сала турган нормативдик-укуктук акт жок.
“Бул документ объективдүү себептерден улам эмдигиче карала элек”,-деп айтты Дуйшенов.
Ал көрүстөндүн аянты 31 гектар экенин, ал 1973-жылдан бери колдонулуп келе жатканын кошумчалады.
Депутаттар бул жобону карап чыгууну сунушташып, кийинки жыйында кармалмай болду.
Эскерте кетсек, Ала-Арча көрүстөнү тарыхый-мемориалдык болуп саналат. Ага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, академиктер, «Кыргыз Республикасынын Баатыры», Советтер Союзунун баатыры, Социалисттик эмгектин баатыры, «Ак-Шумкар», «Манас» ордендери жана башка наам алгандар коюлат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-ala-archa-krstnnd-50-orun-gana-kalgan
Добавить комментарий ×