Бишкектеги Ак-Босого конушуна эртең суу берүү токтотулат
Бөлүшүү:
Бишкектеги жаңы конушка эртең, 4-ноябрда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, «Ак-Босого-1», «Ак-Босого-2» суу курулмаларындагы ремонттоо-профилактикалык иштерге байланыштуу Ак-Босого конушуна суу берүү убактылуу токтотулат.
Таза суу эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин берилбейт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-ak-bosogo-konushuna-erte-suu-ber-toktotulat
Добавить комментарий ×