Бишкектеги №45 мектептин жылуулук түтүктөрүн орнотууга керектеле турган 1,9 млн сом ашыра көрсөтүлгөн
Вице-мэр В.Мозгачева мектеп жана бала бакчалардын күз-кыш мезгилине даярдыктары менен таанышууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Социалдык саясат боюнча калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева №45 мектепке барды.
Бул жылы аталган мектепте инженердик түйүндөрдү алмаштыруу, жылуулук түтүктөрүн орнотуу каралган.
Вице-мэр Виктория Мозгачева иштердеги кемчиликтерди дароо көрсөттү. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына жана «Арай» ЖЧКсы компаниясына ишти кечиктиргендиги үчүн эскертүү берип, бир жуманын ичинде, 11-сентябрга чейин радиаторлорду алып келүүнү тапшырды.
Балдар колдорун муздак сууга жууп калбашы үчүн суу жылыткыч сатып алууга арыз берүү райондук билим берүү борборуна тапшырылды.
Сметага ылайык, жумуштун наркы 1,9 миллион сомду түзөт, бирок иштин наркын ашыра көрсөтүп жаткандыгы байкалгандыгы үчүн, смета кайрадан каралат.
Добавить комментарий ×