Бишкектеги №11, 14, 2, 9, 7 троллейбус каттамдары убактылуу иштебей калды
Бөлүшүү:
Бишкектеги №11, 14, 2, 9, 7 троллейбус каттамдары бүгүн 6-февралда убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баш калаадагы троллейбус башкаруу көмөк чордонунда авария катталып, аны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
"Учурда бригада авария болгон жерде иштеп жатышат. Азырынча Жибек-Жолу, Манас проспектиси, Бөкөнбаева жана Киевский көчөлөрүнөн каттаган троллейбустар токтоп турат"-деп билдиришти мэриядан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-11-14-2-9-7-trollejbus-kattamdary-ubaktyluu-ishtebej-kaldy
Добавить комментарий ×