Бишкекте жылуулук түтүгү өтчү кудуктан европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылды

10 январь 2019 10:04 1329 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 9-январь күнү саат 15:20ларда жылуулук түтүгү өткөн кудуктан европа улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, кудук Геология кыска көчөсүндө жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда аты-жөнү такталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhyluuluk-ttg-tch-kuduktan-evropa-ulutundagy-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий