Бишкекте жылуулук качан берилет? Мэриянын жообу
Бишкек мэриясы ордо калаада жылуулук качан берилээрин айтты. Эгерде эки күн аралыгында абанын температурасынын кескин төмөндөшү байкалса, анда 17-октябрь күнү жылуулук берүү боюнча чечим кабыл алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кызматкерлер бүгүн жана эртең аба ырайынын темпин карап суу түтүктөрүнүн абалы менен таанышмакчы. Азыркы тапта “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 65 казан меши жылуулук берүүгө даяр.
Белгилей кетскек, буга чейин мэрия сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштарын айткан.
Эске салсак, былтыр Бишкекте жылуулук 17-октябрда берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhyluuluk-kachan-berilet-meriyanyn-zhoobu
Добавить комментарий ×