Бишкекте, жыл башынан бери 27 бала жоголуп кайгуул кызматкерлери тарабынан табылган

6 май 2021 18:13 1633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери ата-энелерге жаш балдарды көзөмөлдөөнү суранат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Жыл башынан бери милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан  Бишкек шаарынын аймагында жашы жете элек 27 өспүрүм балдар табылган. 

Аларга  адашып же жоголуп кетүү фактысы менен “102” линиясы боюнча  чакыруулар келип түшүп,  баары  милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине жана жакын туугандарына сак-саламат жеткирилип берилген. 

Бул кайгуул кызматкерлеринин көмөгү менен табылган өспүрүмдөр кана. Башка райондук милиция бөлүмдөрү аркылуу табылган өспүрүмдөр да көп кездешүүдө.

Көпчүлүк өспүрүмдөр үйүнөн ойноп чыгып, же ата-энелери менен соода сатык жайларга  бирге барып, андан ары адашып калган фактылар көбүрөөк катталууда.

Андыктан  Бишкек шаардык ИИББгы боюнча  милициянын кайгуул кызматы ата-энелерге жана жаш балдарды караган улуу муундарга өзгөчө кайрылат. Өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, мектептен же балабакчадан чыгуу учурунда коштоп келип кетүүсүн жана  жашаган дарегине жакын жайларды жаттап калуу багытында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсүн суранат", - деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhyl-bashynan-beri-27-bala-zhogolup-kajguul-kyzmatkerleri-tarabynan-tabylgan



Добавить комментарий