Бишкекте жыл башынан бери 2 470 адам жол кырсыктарынан жабыркады
Бишкекте январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта жол кырсыктарынан 2 470 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, жыл башынан бери баардыгы болуп 1 932 жол кырсыгы катталып, 45 адам каза тапкан.
Авариялардын болжол менен 90 пайызы айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен улам келип чыгат.
Сурамжылоодо көпчүлүк айдоочулар кайсы автомектепти бүткөнүн билишкен эмес. Кырсык болордо көп айдоочулар телефонго же музыкага алаксып кетишкен, мындан тышкары ичимдик ичип алып унаа айдашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhyl-bashynan-beri-2-470-adam-zhol-kyrsyktarynan-zhabyrkady
Добавить комментарий ×