Бишкекте “Мазда” унаасынын айдоочусу жол кызматкерин сүзүп өлтүрдү

18 октября 2021 12:25 1619 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

2001-жылы туулган И.Б. 18-октябрда болжол менен түнкү саат экилер чамасында мас абалында Горький көчөсү менен «Мазда Демия» унаасын айдап бара жатып Айдаралиев көчөсүнө келген. Аталган көчөдө оңдоо иштери жүрүп жаткан. Айдоочу эскертүүчү белгини карабай кете берип «Аргын Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкери 1994-жылы туулган Т.Ы.ны койдуруп кеткен. Кырсыктан улам жол кызматкери көз жумду.

Айдоочу милицияга жеткирилди, унаа айып аянтына токтотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mazda-unaasynyn-ajdoochusu-zhol-kyzmatkerin-szp-ltrd



Добавить комментарий