Бишкекте жоголуп кеткен 16 жаштагы Айдай табылды

11 февраль 2020 13:52 824 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-февралда кечинде жоголуп кеткен 16 жаштагы Айдай табылды. Бул тууралуу туугандары билдирди.

Маалыматка ылайык, Айдай хостелдердин биринде түнөөнү чечип, анын администрациясы менен макулдашкан.

Хостелдин кызматкерлери Айдайдын жоголгону тууралуу маалыматты окуп, ата-энесине кабарлашкан.

Белгилей кетсек, Айдай 10-февралда саат 15:00дөр чамасында Түштүк Магистралдагы “Глобус” дүкөнү жактагы үйүнөн чыгып кетип, кайтып келген эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhogolup-ketken-16-zhashtagy-ajdaj-tabyldy



Добавить комментарий