Бишкекте жаңы бульвар курулат

27 октябрь 2018 10:30 1082 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаада жаңы бульвар пайда болорун шаардык муниципалитеттен кабарлашты. Маалыматка караганда, эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашат.

Долбоорду "Бишкек башкы архитектура"  ишканасынын адистери иштеп чыкты. Бульвардын узундугу — 720, туурасы — 130 метр, жалпы аянты 7,36 гектарга жетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, борбор калаанын түштүк тарабына 100 миң адамды батыра турган район куруу пландалып келет. Аталган бульвар дал ошол аймакка тиешелүү болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhay-bulvar-kurulat



Добавить комментарий