Бишкекте жаш кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кетти

4 май 2021 17:44 923 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 20 жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя бүгүн, 4-май күнү болжол менен саат 14:00до Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

“Көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М., терезеден кулап кеткен.

Кыз Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Биринчи май РИИБ тарабынан каттоого алынып, тергөө иштери башталганы кабарланды.

Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан Barometr.kg сайтына, кыздын буту сынып, жамбашынан жарака кеткенин кабарлады. Абалы туруктуу деп бааланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhash-kyz-3-kabattyn-terezesinen-kulap-ketti



Добавить комментарий