Бишкекте жаш бала электр болгаркасы менен капыстан моюнун кесип алып, каза болду

9 апрель 2021 12:23 3967 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жаш бала электр болгаркасы менен өзүнүн моюунун капыстан кесип алып каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, милицияга 6-апрелде Ак-Ордо-3 конушунда жаш бала электр болгаркасы менен өзүнүн моюунун кесип алганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда 2007-жылы туулган С.Снын жансыз денеси табылган. 

Белгилүү болгондой, бала электр болгаркасы менен капысынан өзүнүн моюунуна жаракат келтирип алып, алган жаратынан улам каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене "өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhash-bala-elektr-bolgarkasy-menen-kapystan-moyunun-kesip-alyp-kaza-boldu



Добавить комментарий