Бишкекте жасалма 10,5 миң еврону сатууга аракеттенген киши кармалды

10 февраль 2020 15:28 695 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте 10 500 еврону сатууга аракет кылган 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаранды кармады. 

Маалыматка ылайык, кармоо иштери 7-февралда ишке ашкан.

"Такталган маалымат боюнча,  А.С.»  жасалма акчаны сатууну «К.Э.П.» ЖЧКсынын акча алмаштыруу жайынын кассири менен биргеликте ишке ашырган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhasalma-105-mi-evronu-satuuga-arakettengen-kishi-karmaldy



Добавить комментарий