Бишкекте жана Чүйдө салык кызматы лицензиясы жок спирт ичимдиктерин тартып алды

17 сентябрь 2020 17:53 418 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө тийиштүү лицензиясы жок 16 миңден ашык бөтөклө спирт ичимдиги тартылып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү лицензиясы жок сатуу үчүн сакталып турган спирт ичимдиктерин аныкташты. Жалпысынан 16 миң 885 бөтөлкө алкогол ичимдиги жана 4 740 литр сыра тартылып алынды.

Атап айтканда, спирт ичимдиктерин сатууга лицензиясы жок Бишкек шаарынын 5 дүкөнүнөн ар кандай идиштеги жана аталыштагы 3 миң 591 бөтөлкө алкогол ичимдиги тартып алынды. Ишкерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кампа жайларынын биринен ар кандай аталыштагы жана идиштеги 13 миң 294 бөтөлкө сыра, 4 миң 740 литр куюп берме сыра тартылып алынды. Аталган факт боюнча материалдарга тиешелүү чара көрүү үчүн Чүй облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhana-chjd-salyk-kyzmaty-licenziyasy-zhok-spirt-ichimdikterin-tartyp-aldy



Добавить комментарий