Боронов: "Медиктерге 70 миң сомго чейин айлык акы төлөнөт"

7 июль 2020 16:18 1843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда дарыгерлерди контракттык негизде жумушка тартуу иши башталды. Бул тууралуу Респуликалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

«Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болот. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү. Аларга айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилери каралган», - деп билдирди премьер-министр.

Ал медицина кызматкерлеринин айлык акысы өз убагында жана кечиктирбестен төлөнөрүн белгиледи.

«Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот», - деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhana-chj-oblusunda-darygerlerdi-kontrakttyk-negizde-zhumushka-tartuu-ishi-bashtaldy



Добавить комментарий