Бишкекте Текебаев жана Чотоновдун жактоочулары соттук отурумга келген жок

6 июль 2020 12:38 1256 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши боюнча соттук отурумга жактоочулар келбегендигине байланыштуу териштирүү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши каралууда. Айыпталуучулардын жактоочулары келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 8-июль саат 14:00гө жылдырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhaktoochular-kelbegendigine-bajlanyshtuu-terishtir-zhyldyryldy



Добавить комментарий