Бишкекте виртуалдык реалдуулук боюнча мыкты аянтча ачылды

1 июль 2021 13:04 2110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Бишкекте 1-июлда виртуалдык реалдуулук боюнча өзгөчө кызыктуу аянтчанын ачылышы болот.   

Кыргызстанда биринчи ирет виртуалдык реалдуулуктун оюндары ишке ашат.

Кыргызстанда виртуалдуу реалдуулук кыял болбой калды.Санариптик иллюзиянын дүйнөсүнө бүгүн ар бир адам кире алат.

“Кыргызстанда дал биздикиндей форматтагы- 3кө 3 оюну жок.Ал тургай КМШ мамлекеттеринде дагы мындай жок”,-деп айта алам дейт виртуалдуу оюндарды түзүүчүлөрдүн бири Сыймык Тоюнов.

Оюн кайда өтөт?

Asia Mall соода борборунун каршысындагы VR ARENA деген жарнак илинген-Чыңгыз Айтматов 24 проспектисиндеги эки кабаттуу имаратта.

200 чарчы метрге жерге оюн аянтчасы жайгашкан, сизди виртуалдуу реалдуулукка “учуш” үчүн эң сонун атмосфера күтөт.

Сиз жеңил драйф алып, виртуалдык дүйнөнүн укмуштуудай эркиндигин сезе аласыз.

Кантип ойноо керек?   

Oculus көз айнегин эч кандай зымы жок, кошумча жабдуулары жок тагынып, 200 чарчы метр аянттын аймагында чуркайсыз.   

Ошондой эле жалгыз адам ойной турган оюндар бар же болбосо ушул эле VR көз айнектери менен фильм көрсөңүз дагы болот.10 адам бир эле учурда аянтта ойной алышат. Оюн жарым саатка созулат.

Оюндун бир нече варианттары бар-  атышуучулар, shooter, виртуалдуу реалдуулук. Баардыгын виртуалдуу реалдуулукта кылса болот.   

Иштеп чыгуучулардын тобу  

Оюнду Кыргызстандын жаш программистери Эльдар Азаматов, Сыймык Тоюнов, Алтай Абдиев,  Анубис Курманалиевдер иштеп чыгышкан.

Долбоор бизнесмен Муратбек Суханбердиевдин каржылык колдоосу менен ишке ашып жатат.Ал аш программисттерди кыялдарын ишке ашырууга - виртуалдуу реалдуулуктун дүйнөсүнө чөмүлүүгө мүмкүндүк берди.

“Бизде Кыргызстанда чындыгында таланттуу балдар көп.Мен буга дагы бир ирет ынанып жатам. Эң негизгиси алардын кыялына ишенүү жана аны ишке ашырууга көмөктөшүү”,-деп эсептейт долбоордун башкы шериктеши Мурат Сухамбердиев. 

Ачылышы качан?

Оюндун ачылышы 1-июлда саат 18:00дө болот. Алгачкы 2 күндө акция болот- Тик Ток же «Инстаграм» сториске тартып алуу керек жана катышуучулар виртуалдуу реалдуулукта бекер ойной алышат.

Кыргызстанда мындай нерсе биринчи ирет болуп жатат-жаштар өздөрү оюнду жазып чыгып жана бул оюнду өз аянтчасына ишке ашырууда. Оюнду сынактан өткөрүү ийгиликтүү болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-virtualdyk-realduuluk-boyuncha-mykty-ayantcha-achyldy



Добавить комментарий