Бишкекте уурулар пенсионерди кыйнап өлтүрүштү
Бишкекте белгисиз эки адам үйүн тоноо үчүн пенсионер аялды аесуз өлтүрүшкөн. Бул туурасында шаардык ИИББ кабарлады.
«Менчик үйлөрдүн биринде европа улутундагы, колу чүпөрөк менен байланган, башы таңылган аялдын жансыз денеси табылды. Денесинде кыйноону издери бар. КРнын Кылмыш кодексинин «Өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,-деп түшүндүрмө берди ИИББ.
83 жаштагы улгайган аял Жумушчулар шаарчасында (Рабочий городок) жалгыз жашаганы белгилүү болду.
Милиция кызматкерлери мурда соттолгон 38 жаштагы Х.Т. жана 53 жаштагы П.М. кармады. Шектүүлөр Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-uurular-pensionerdi-kyjnap-ltrsht
Добавить комментарий ×