Бишкекте түнкү клубдан ок атылды

5 декабрь 2022 09:43 785 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Валиханов көчөсүндө жайгашкан Promzone түнкү клубунда ок атылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Маалым болгондой, 5-декабрда милиция кызматкерлерине борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 4-декабрга караган түнү саат төрт жарым чамасында ал башка эс алуучулар менен уруша кеткен. Натыйжада эс алуучулардын бири  ага ок чыгарган.  

“Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен электрондук журналга катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган З.М., жана 1988-жылы туулган М.В. кармалды. Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.     

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tnk-klubdan-ok-atyldy



Добавить комментарий