Терезенин торуна кыпчылып калган киши ажырашып кеткен аялынын үйүнө кирүүгө аракет кылган

28 апрель 2021 13:19 4549 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн терезесине кыпчылып калган киши ажырашып кеткен жубайынын үйүнө кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эске сала кетсек, буга чейин, Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн терезесинин торуна кыпчылып калган киши куткарылганы маалымдалган.

Маалым болгондой, милицияга 19-март күнү А.Т. аттуу жаран Д.Ч. аттуу адамга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган. Аял киши, 7-апрель көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө мурдагы жолдошу мыйзамсыз киргенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

21-апрель күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери Д.Ч. аттуу жаранды кармап келип, андан соң эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен коё берген. Ошондой эле, ал жарандын катышуусундагы эки кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы аныкталган.

"Сурак учурунда шектүү аталган батирде мурда расмий түрдө ажырашып кеткен аялы С.А. менен жашагандыгын айткан. Учурда, анын жашаганга жери жок болгонуна байланыштуу, терезеден кирүүгө аракет кылганын айткан", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-terezenin-toruna-kypchylyp-kalgan-kishi-azhyrashyp-ketken-ayalynyn-jn-kirg-araket-kylgan



Добавить комментарий