Бишкекте Текебаев катышкан “#РеАкция 3.0” деп аталган митинг өтүп жатат (Видео)
Бишкекте өтүп жаткан “#РеАкция 3.0” деп аталган митингке Өмүрбек Текебаев да катышты. Ал президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Бул тууралуу уюштуруучулардын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Уюштуруучулар тобу өтүп жаткан митинг Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого багытталган тынч митинг экенин айтышат. Алар Эркиндик гүлбагынан баштап Жогорку Кеңештин алдына чейин жөө жүрүш менен барышат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев митингчилерге келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Кыргызстанда интернет эркин жана чектелбеши керектигин белгилеп, президентти ага кол койбоого чакырды.
“Биз фейк эмеспиз!”, - деп үн салышууда митингчилер.
Митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Митингдин катышуучулары "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Фейк депутат" деген жазууларды көтөрүп турушат.
Учурда акциянын катышуучулары социалдык аралыкты карманып, беткап тагынып жүрүшүн улантууда.
Белгилей кетсек, буга чейин 25-июнда дагы "Ак үйдүн" алдында “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы митинг өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tekebaev-katyshkan-reakciya-30-dep-atalgan-miting-tp-zhatat-video
Добавить комментарий ×