Бишкекте талап-тоноого шектүү жаран кармалды

24 июль 2020 12:10 1064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте талап-тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу кайгуул милициясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 23-июлда Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде адам тонолду деген маалымат келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган Н. З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-июлда болжол менен саат 14:30 чамасында Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран арыз ээсинин колундагы сумкасын жулуп алып качып кеткен.

“Ыкчам издөөнүн натыйжасында милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1986-жылы туулган К. М. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Ленин райондук ИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-talap-tonoogo-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий