Бишкекте таңга жуук 18 жаштагы кыз 10-кабаттан секирип кетүүгө аракет кылды

15 июнь 2022 09:56 900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан 18 жаштагы кыз секирип кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-июнь күнү саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон.

"Көп кабаттуу имараттынын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салуу аракеттенүүдө деп кабар 112 кызматынан түшкөн.

Окуя катталган жерге дароо эле куткаруу кызматынан 5 куткаруучусу тартылып, куткаруу иш аракеттери 11-кабатынан 10-кабатына атайын альпинисттик шаймандары менен 18 жаштагы кызды сактап калышты", -деп айтылат маалыматта.

Кыз куткарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-taga-zhuuk-18-zhashtagy-kyz-10-kabattan-sekirip-ketg-araket-kyldy



Добавить комментарий