Бишкекте студенттер каналда агып бара жаткан кызды куткарышты (Сүрөт)
Бишкектеги каналда агып бара жаткан кыз студенттер тарабынан куткарылды. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн -1 кичи районундагы каналда агып бара жаткан кыз ИИМ Академиясынын курсанттары тарабынан куткарылды.
“Агып бара жаткан кыз жардам сурап кыйкырганын аталган академиянын курсанты Асылбеков Бекжан байкап, нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Нөөмөтчү милициянын подполковниги Шамиров Ж., прапорщиги Тангатаров Б., жана полковниги Камчыбеков Н., тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кыз куткарылды”, - деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-suuga-agyp-baratkan-kyzdy-kursanttar-saktap-kalyshty
Добавить комментарий ×