Бишкекте СССРди эске салган көргөзмө болот
Бөлүшүү:
Бишкекте 28-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Тынчтыкта жана ынтымыкта. СССР искусствосу» деген сүрөт көргөзмөсү ачылат.
Музейдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын эгемендигинин 28 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан маданий иш-чара 1930-1990-жылдардагы сүрөтчүлүк өнөрүнө багышталат.
Ага СССРдин курамына кирген 15 мамлекеттин ичинен Түркмөнстандан башка өлкөлөрдөн сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.
Көргөзмө 29-сентябрга чейин уланат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sssrdi-eske-salgan-krgzm-bolot
Добавить комментарий ×