Дүйнөнүн эң бийик имаратынын бетине Юрий Гагариндин сүрөттөрүнөн турган видео көрсөтүлдү

13 апрель 2021 09:55 916 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) дүйнөдөгү эң бийик имарат Бурж аль-Халифанын бетине космоско биринчи учкан советтик космонавт Юрий Гагариндин сүрөтүн чыгарып, эрдигин эскеришти. Бул иш-чара Гагариндин космоско учкандыгынын 60 жылдыгына байланыштуу жасалганы кабарланды. Бул тууралуу Эмираттардын космос агенттигинин Twitter баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет .  

Бириккен Араб Эмираттарынын алдыңкы технологиялар боюнча мамлекеттик министри Сара аль-Амири "бүгүн биз Юрий Гагариндин тарыхый сапарынын 60 жылдыгын белгилеп жатабыз, ал космоско учкан биринчи адам болгон" деп жазган.

"Гагариндин эрдиги бүткүл дүйнөгө дем берди жана дымактуу космостук миссиялардын негизин түздү", - деп кошумчалады ал.

Имараттын сырткы бетине чакан видео көрсөтүлүп, анда Гагарин космоско учкан Жердеги биринчи адам болуп калгандыгы айтылган. Көрсөтүү "мүмкүн эмес эч нерсе жок" деген сөздөр менен аяктады.

Белгилей кетсек, Араб Эмираттары 2019-жылы Эл аралык Космос станциясына космонавтын жиберген араб дүйнөсүндөгү биринчи өлкө болуп калды. Бириккен Араб Эмираттарынын биринчи астронавты Хаззаа аль-Мансури Москва районундагы Королев атындагы Космос Борборундагы машыгуудан кийин, космосто сегиз күн болуп, аман-эсен Жерге кайтып келген. Космонавтика күнүнүн алдында Эмираттар өз космостук отрядынын жаңы мүчөлөрүнүн ысымдарын жарыялады.

Ссылка: https://barometr.kg/dubajdagy-djnnn-e-bijik-imaratynyn-betine-yurij-gagarindin-srttrnn-turgan-video-krstld



Добавить комментарий