Бишкекте шахмат сүйүүчүлөр үчүн атайын аллея ачылды

21 июль 2023 15:10 1171 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте шахмат аллеясы ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Борбор калаада Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды.

Ачылыш аземине, кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

“Мындан тышкары, Эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата уюштурулган шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты.

Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду”, -леп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стол оюндарын сүйүүчүлөр мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.





Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-shahmat-sjchlr-chn-atajyn-alleya-achyldy



Добавить комментарий